• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Москвада Азия парламенттик ассамблеясынын туруктуу комитетинин жыйыны өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Россиянын Москва шаарында өткөн Азия Парламенттик ассамблеясынын туруктуу комитетинин жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Азия Парламенттик ассамблеясынын Маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин эки күнгө созулган отурумунда улуттук өзгөчөлүктөрдү, маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле тынчтыкты бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды. Жыйындын катышуучулары салттуу баалуулуктарды сактоо жана үй бүлө институтун коргоо жаатындагы ойлору менен да бөлүштү.

Эскерте кетсек, 2006-жылы түзүлгөн аталган Парламенттик ассамблеясынын алкагында Азия өлкөлөрүнүн негизги мыйзам чыгаруу органдары тажрыйба алмашып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий