Москвада COVID-19 вирусуна байланыштуу жогорку даярдыктагы режим киргизилди

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Москва мэриясы коронавирус коркунучуна байланыштуу жогорку даярдыктагы режим киргизди. Тиешелүү жарлыкка мэр Сергей Собянин кол койду.

Калаа башчы Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран, Испания, Германия жана Франциядан келген жарандардан өз алдынча карантинге барууну талап кылды.

Коронавирус катталган өлкөдө болгондор Россияга кайтары жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.

Ошол эле маалда Собянин Москвада кырдаал туруктуу экенин билдирди. Шаар бийлиги коомдук иш-чараларды чектөөгө азырынча негиз жок деп эсептейт.

Бирок Собянин биринчи жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын базасында тез куралуучу конструкциялар менен атайын корпус курууну тапшырды. Мындай госпиталь Кытайдын Ухань шаарында салынган. Жаңы вирус дал ошол жактан чыккан.

Москва мэриясы COVID-19 вирусу менен күрөшүү боюнча бир нече план иштеп чыкканы 5-мартта белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, өзгөчө чечим менен шаар бийлиги коомдук транспорттун ишин токтотуп, кирүү-чыгуу жолдорун жаап, коменданттык саат жарыялай алат.

Москва шаарынын жашоочусунда коронавирус 2-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий