• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Москвада карантиндик чектөөлөр алынат

Дүйнө 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Москва шаарында коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр бүгүнтөн тартып алынат. Бул тууралуу калаа башчысы Сергей Собянин билдирди.

Анын айтымында, бирок жарандар мурдагы жашоо образына бир жылдан кийин кайтып, беткап кийүү режими февраль айына чейин созулушу мүмкүн.

«Москвада «обочолонуу» деп аталган карантин марттын аягында киргизилген. Ага ылайык, тургундарга негиздүү себептер менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилген. Автоунаа менен жүрүү үчүн электрондук өткөрмө талап кылынган. 21-майдан тартып жарандардын шаардагы коомдук жайларда беткап жана колкап кийип жүрүүсү милдеттүү болуп калган.

Бүгүнкү күндө Москвада күнүнө коронавирус жуктуруп алган эки миңден кем эмес адам аныкталууда. Эпидемиянын туу чокусунда бул көрсөткүч 4-5 миңге жетип турган.

Пикир

Оставить комментарий