• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москвада КР менен РФ ТИМдеринин ортосунда консулдук консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки өлкөнүн консулдук кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде кезектеги консулдук консультациялар болуп өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, консультациялардын жүрүшүндө делегациялар консулдук чөйрөдөгү тараптардын өз ара аракеттенүү, Кыргызстандын жана Россиянын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ара сактоо маселелерин кеңири талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Консулдук конвенциянын, Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору А.Букалаев Россияда жүргөн КР жарандарынын негизги көйгөйлүү маселелерин, атап айтканда, эмгекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгү, ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо, соттолгондорду өз өлкөсүнө (жарандыгы боюнча) которуу, жарандардын аялуу категорияларына карата административдик жазанын катаал эмес түрүн колдонуу сыяктуу негизги көйгөйлүү маселелерди айтты.

Мындан тышкары, Россиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында КР жаңы консулдук мекемелеринин ачылышына байланыштуу аларды жайгаштыруу, ошондой эле консулдук кызматкерлерди аккредитациялоо маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар консулдук чөйрөдөгү маселелерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттер ортосунда консулдук консультацияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү макулдашты.

Консультациялардын жыйынтыгында россия тарабына Россиянын аймагында жүргөн КР жарандарынын укуктук абалынын көйгөйлүү маселелери боюнча баяндама - каттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий