• 87
  • 90.63
  • 0.79

Москвада кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баштаган делегация Россияда болгон жумушчу сапары менен жүрөт.

Парламенттен билдиришкендей, сапардын алкагында делегация Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелерине тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле парламенттер аралык диалогду мындан ары тереңдетүүнү талкуулашты.

Улан Примов кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга өбөлгө түзгөн парламенттер аралык салттуу активдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргыз тарап Россия Федерациясы менен эки тараптуу форматта, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында ар тараптуу диалогду улантууну жана ар тараптан бекемдөөнү көздөйт", - деди ал.

Миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык тематикасына токтолгон Улан Примов Кыргызстандын жарандары миграциялык режимдин ырааттуу катуулашына байланыштуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирди.

"Тилекке каршы, азыркы учурда Россиянын аймагында жүрүүдө кыргыз жарандарында кыйынчылыктар бар. Россиянын жалпы билим берүү мекемелери тарабынан, айрыкча Москва шаарында жана Москва облусунда балдарды мектепке киргизүүдөн массалык түрдө баш тартуу, 2024-жылдын жазынан тарта Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнөн баш тартуулардын кескин көбөйүшү жана Москва шаарындагы Эл аралык аэропорттордогу көзөмөл-өткөрмө пункттарынан өтүүдөгү узакка созулган текшерүү иш-чараларына, ошондой эле жакында кабыл алынган жана демилгеленген Россиянын чет өлкөлүк жарандардын абалын катаалдаштыруучу мыйзам долбоорлоруна байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз", - деди ал.

Улан Примов россия тараптан аталган көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурууну суранып, алардын оң чечилишине үмүт артып жатканын белгиледи.

Делегациянын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Эрнис Айдаралиев, Бактияр Калпаев, Алтынбек Кылычбаев, Арсланбек Малиев, Эмил Токтошев, Кубанычбек Самаков болду.

Пикир

Оставить комментарий