• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Москвада кыргызстандык дипломаттар “Спутник V” вакцинасын ала баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Москвада чет элдик дипломаттар коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасын ала баштады. Алардын катарында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери да эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айдин Эркин билдиргенин ТАСС басылмасына таянып lenta.ru сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эмдөө акысыз жана өз каалоосу менен жүргүзүлүүдө.

"Россиялык "Спутник V" вакцинасы тууралуу жакшы пикирлер айтылууда. Чет өлкөлөр дагы бул вакцинаны сатып алууда. Элчиликке эмдөөдөн өтүүгө сунуштаганы туура чечим деп эсептейм", - дейт Айдин Эркин.

Пикир

Оставить комментарий