• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Москвада кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйлүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Москва шаарында кыргыз-орус биргелешкен жумушчу тобунун 17-жыйыны өтүп, анда миграция тармагындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын делегациясын КР эмгек министри Жылдыз Полотова жетектеди. Жумушчу топтун отурумунун ишине Россиянын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар миграциялык кырдаалга, миграция чөйрөсүндөгү өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары, Жылдыз Полотова анча чоң эмес административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн Россиянын аймагына кирүүнү жабуу боюнча чараларды либералдаштыруу, Кыргызстандын жарандарынын балдарын россиялык билим берүү мекемелерине жайгаштыруу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, Россиянын аймагында дактилоскопиялык каттоодон өтүүдөгү кыйынчылыктар жана Кыргызстандын аймагында миграцияга чейинки даярдык борборун ачуу сыяктуу көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурду.

Министр Кыргызстандын эмгек мигранттарынын Россияга кирүүдөгү жана чек ара көзөмөлүнөн өтүүдөгү кыйынчылыктарга, ошондой эле жарандардын аярлуу категориясын административдик мажбурлап чыгарып жиберүү менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрүнө өзгөчө басым жасады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жыйындын протоколуна кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий