• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Москвада кыргызстандыкты белгисиз жаран сабап кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Москва шаарынын борборунда белгисиз жаран 33 жаштагы кыргызстандыкты, тиштеп салган.

Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, окуя 4-июнда «Сухаревская» жана «Проспект мира» станцияларынын алыс эмес жайгашкан Васнецова көчөсүндө болгон.

Кыргызстандык жаран алган жаратынан улам бейтапканага кайрылууга мажбур болгон. 360° телеканалынын берген маалыматына ылайык, мекендешибиздин бет сөөгү көгөрүп, колу тиштелген.

Азырынча мындан башка маалыматтар бериле элек.

Пикир

Оставить комментарий