• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Москвада Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Москва шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалымдалгандай, Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө жайгашкан Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү Москвадагы мекендештерге кеп-кеңеш берип, иштеп баштады.

Жарандар иш күндөрү саат 11:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

МИК президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык ушул жылдын 15-апрелинде “Үлүштүк курулуш” механизми иштеп баштаганын белгиледи. Бул механизм чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун батир курулууда.

Пикир

Оставить комментарий