• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Москвада спортклубдардын биринин мушкери КРнын РФдагы элчилигинин кароолчусун сабап салган. Экөө тең КР жарандары

Коом 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Москвада спортклубдардын биринин мушкери Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кароолчусун сабап салган. Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучу да, шектүү да - КР жарандары.

Маалыматка ылайык, 21-апрелде 13:00 чамасында Б.Ордынка көчөсүндө азиат түспөлүндөгү белгисиз жигит бейбаштык кылып кыргыз элчилигинин кароол кызматынын 30 жаштагы кызматкерин себепсиз сабап салган.

Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, дарыгерлер ага баш мээсинин чайкалуусу, баш мээ сөөгүнүн жабык жаракаты, астыңкы жаагынын сыныгы диагнозун коюшкан.

Байкоо камерасындагы жазууларды көрүп чыгышып, Москва полициясынын кызматкерлери кылмышка шектүү – 22 жаштагы Кыргызстандын жараны С уулу Н. Аттууну кармашкан. Ал авиакассада карьер болуп иштейт жана өз күнөөсүн мойнуна алган.

Полиция кармалган жаран Москванын мушкердик клубдарынын биринде машыгып, эрежесиз мушташка катышарын аныкташкан. Ошондой эле элчиликтин кароолчусун уруу учурунда ошол жерде болгон Кыргызстандын дагы 6 жараны полиция бөлүмүнө жеткирилишкен.

КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгүнө мушкердик клубдун машыктыруучусун чакырылып, кыргыз жаранадары менен өлкөдө жүрүү мыйзамдарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий