Ысык-Көл облустук драма театрынын артисттери Москвада спектакль койду

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Москва шаарындагы “Эльдар” киноконцерттик клубунун чоң залында Касымалы Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын артисттери “Күн кармаган бала” спектаклин койду. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Россия мамлекеттик искусство институтунун бүтүрүүчүсү, режиссер, Уланмырза Карыпбаевдин белгилүү кыргыз жазуучусу жана коомдук ишмер Султан Раевдин повестинин негизинде даярдалган спектакли коомдун тереңинде катылган социалдык көйгөйлөрдү ачып, бүгүнкү күндө да актуалдуу болуп саналган адамдык жакшы касиеттерге, боорукердикке, кайрымдуулукка чакырат.

Иш-чарага Москва шаарында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештер активдүү катышты.

Кыргыз искусствосун жана маданиятын таанытууга багытталган бул иш-чараны иш жүзүнө ашырууга Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тийиштүү жардамын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий