• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Москва жана Санкт-Петербургда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 18-22-октябрь күндөрү өтүп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана маданий алакаларды чыңдоого багытталган.
Программасы:
18-октябрь — кино күндөрүнүн ачылышы, Москвадагы "Поклонка" кинотеатрында белгилүү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт;
19-октябрь — Осмонакун Ибраимовдун китебинин бет ачары жана Кыргызстан менен Россиянын интеллигенциясынын форуму, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, "Кылымдар мурасы" көргөзмөсү болот;
20-октябрь — гала-концерт, мекендештер менен жолугушуу, "Саадат какты" спектакли көрсөтүлөт;
22-октябрь — Чыңгыз Айтматовго арналган спектакль, кыргыз искусство чеберлеринин концерти жана маданий концерт уюштурулат.


Бул иш-чаралар Кыргызстандын маданиятын жана тарыхый мурасын Россиянын жашоочуларына таанытуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий