• 87
  • 90.41
  • 0.84

Москвада мейманкада өрт чыгып, 8 адам каза болду — арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москванын түштүгүндөгү мейманканада чыккан өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар же жок экенин тактап жатат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 28-июлдан 29-июлга караган түнү Москванын түштүгүндө мейманканадан ири өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

“Учурда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери, ошондой эле каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталууда. Белгиленгендей, алардын өздүгүн тастыктаган документтер күйүп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкери өрт чыккан жерде кыргыз жарандары бар-жоктугун тактоо үчүн жеринде жүрөт. Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий