Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Коом 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги менен биргеликте “Крокус Сити Холлдо” болгон каргашалуу окуяда жабыркаган жарандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Министрлик жана Кыргыстандын элчилиги кырдаалды байкоону улантууда.

Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда "Пикник" тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий