Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Москванын чыгышындагы “Персей для детей” соода борборунан өрт чыккан,-деп билдирет РИА Новости калаанын ыкчам кызматындагы расмий булактарына таянып.
“Өрттөн жабыркагандар бар, адамдарды куткаруучулар кошумча тепкичтер аркылуу сыртка алып чыгышууда”,-деп билдирген булак РИА Новостиге.
Акыркы маалыматтарга ылайык, соода борборунун кызматкери каза болгон.
Төрт кабаттуу соода борбору 2009-жылдан бери иштейт.
Пикир
Оставить комментарий