Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 14-апрелинде күндүзгү саат 12.00дөн тартып 15-апрелде таңкы саат 09.00гө чейин программалык ККМди башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча техникалык иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда.
МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаралар программалык ККМдин иштөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн убактарда система убактылуу өчүрүлөт.
Салык кызматы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Пикир
Оставить комментарий