• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

МСК: 7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 18,6 млрд сом карыз өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында республиканын бюджетине 18 млрд 681,1 млн сом түшүүнү камсыздады.

Ведомстводон билдиришкендей, бул суммадан салык карыздары боюнча 17 млрд 198,2 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд 482,9 млн сом өндүрүлгөн.

2024-жылдын 1-августуна карата республикада салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 253 миң 250 субъекттин жалпы 59,7 млрд сом карызы бар.

Белгилей кетсек, Салык кызматы карыздарды кыскартуу үчүн заманбап санариптик куралдарды, анын ичинде маалыматтык базаны жакшыртууну, маалыматтарды талдоо үчүн маалыматтык системаларды жана салык төлөөчүлөр үчүн пайдалуу сервистерди киргизүүнү активдүү улантууда.

Мындай куралдардын бири Салык төлөөчүнүн кабинети болуп саналат, ал салык төлөөчүлөргө карыздары боюнча маалымкат алуу, карыздарды текшерүү жана аны төлөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Буга чейин Салык кызматы Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу карызы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча сервисти ишке киргизген. Анын жардамы менен карызы бар салык төлөөчүлөр салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү алышат.

Салык төлөөчү өзүнүн "жеке кабинетин" ачып же ачпагандыгына карабастан билдирүү жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 күндөн кийин тапшырылды деп эсептелет.

Азыркы учурда бул электрондук кызмат көрсөтүү салык карыздарын кыскартуу боюнча натыйжалуу курал болуп, салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртты.

Пикир

Оставить комментарий