МСК: Базарлардын жана кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий узартылды

Экономика 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 1-январына чейинки чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган мораторий узартылды.

Белгилей кетсек, бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТКны колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт.

Эскерте кетсек, базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонууга жөнөкөйлөштүрүүлөр киргизилген. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий