• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

МСК: Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу калькулятору жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. www.declaracia.kg сайтында Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу калькулятору жаңыланды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү жарандар БСДны бул колдонмо аркылуу толтура алышат. Андан соң толтурулган декларацияны электрондук же кагаз түрүндө түз же почта байланышы кызматы аркылуу жөнөтсө болот.

Электрондук калькулятор БСД формасын толтурууга кеткен убакытты кыскартып, ар башка формалардагы суммаларды өз алдынча эсептеп, жыйынтыгын бир формадан башкасына өткөрөт. Бул механикалык каталардын болушун четтетет.

Мындан тышкары, калькуляторду компьютерге көчүрүп алып, декларацияны оффлайн режиминде толтуруу мүмкүндүгү түзүлдү.

Эскерте кетсек, физикалык жактар жактар 1-апрелге чейин 2016-жылдагы кирешелери тууралууу же экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери тууралуу маалыматтарды салык органдарына бериши зарыл.

Белгиленген мөөнөткө чейин БСДны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде, патенттик негизде салык төлөгөн жактар, салык төлөнүүчү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишмердигин жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Кеңири маалыматты салык кызматынын 194 номерлүү чалуу борборунан же www.sti.gov.kg. Сайтынан алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий