МСК ишкердик объектилердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасынын бет ачарын өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын иштеп чыгуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасы тааныштырылып, экономикалык ишмердиктин объектилеринин жана субъекттердин жайгашкан жерин картадан көрсөтүп туруучу “Дислокация” программалык модулунун иштөөсү көрсөтүлдү.

Экономика жана финансы министри Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объектилердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын түзүү салыктык башкарууда оң таасирин тийгизип, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартууга мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Салык кызматынын төрагасы И. Иманбетов дислокацияны колдонуунун дагы өзгөчөлүгү аналитикалык иштерди жакшыртып, ишкердик обьектилер жана субъекттер боюнча маалыматтарды ыкчам киргизүүгө мүмкүндүк берээрин билдирди.

Дислокациянын бирдиктүү электрондук базасын иштеп чыгуу салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий