МСК Казакстан менен болгон чек арада жүк ташуучу унаалардын топтолушунун себептеринин бирин атады

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жүк ташуучу унаалардын топтолгонуна байланыштуу, QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу зарылдыгын дагы бир жолу эскертет.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, QR код менен басып чыгарылган ЭЭФтин болушу жүк ташуучуларга Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын болтурбоого жана товарларды Казакстанга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин Салык кызматы тышкы экономикалык иштин катышуучуларына Казакстанга товарларды экспорттоодо жана анын аймагы аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө транзиттик жүктөрдү алып өтүүдө электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздөө жана QR коду бар электрондук эсеп-фактуранын басып чыгарылган формасынын болушу зарыл экендигин маалымдаган.

Акыркы мезгилде мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жүк ташуучу унаалардын топтолушунун себептеринин бири болуп, басып чыгарылган ЭЭФ жок жүк ташуучу унаалардын агымы эсептелет. Бул Кыргыз Республикасынын тараптардын макулдашуусунун талаптарын сактабагандыгынын далили катары бааланат жана Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын жүктөрдү текшерүүгө аргасыз кылууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2022-жылдын 16-февралындагы 1-отурумунун чечимине ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды экспорттоодо Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларсыз өтүү үчүн ташылуучу товарга QR коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий