• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен, киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын жөнөкөйлөтүп, статистикалык отчетко байланыштуу 3 жана 4-бөлүмдөрүн алып салды.

Эми салык төлөөчүлөргө жокко чыгарылган тиркемелерди толтуруунун кажети жок, анткени эмгек мамилелери боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук статистика комитетине түздөн-түз беришет.

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун (FORM STI-161) жаңы формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби Салык кызматынын сайтында жайгаштырылган.

Отчет 2023-жылдын январь айынан баштап салык мезгили үчүн берилиши керек.

Белгилей кетсек, 2023-жылга райондор жана шаарлар боюнча киреше салыгын эсептөө үчүн айына минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат, ал Салык кызматынын сайтында "Билим базасы" бөлүмүндө жайгаштырылган.

Минималдуу эсептик киреше Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кызматкерлердин кирешелерин кошпогондо жана 6-бөлүгүнүн ченемдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштегендердин алган кирешелеринин бардык түрлөрүнө колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий