• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн системасынын операторун тандоого конкурс жарыялайт

Экономика 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча конкурс жарыялайт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы «Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» № 248 токтомуна ылайык жарыяланат.

Тандоого катышуу үчүн өтүнмөлөрдү Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-июнунан тартып 2020-жылдын 15-июнуна саат 18:00гө чейин Бишкек ш., Чүй пр., 219 дарегине келип берүү менен кабыл алат.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0(312) 61-17-94, электрондук почта: tic1666@sti.gov.kg.

Өтүнмөлөрдү ачуу 2020-жылдын 16-июнунда саат 14:00дө Бишкек ш., Чүй пр., 219 дарегинде Мамлекеттик салык кызматынын конференц-залында (4-кабат) жүргүзүлөт.

Тандоого катышууга өтүнмөнү даярдоо үчүн маалымат тиркемеде:

- Тандоону өткөрүү тартиби;

- Тандоонун катышуучуларына коюлган талаптар;

- Тандоого катышуу өтүнмөсү.

Пикир

Оставить комментарий