• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

МСК: Салык декларациясын берүүдө социалдык же мүлктүк эсептен чыгарып алууга болот

Экономика 0


Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын берүүдө салык мыйзамдарында каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.

Салыктык эсептен чыгаруу – бул кирешенин салык салынуучу көлөмүн азайткан сумма. Бул жыл ичинде мурда төлөнгөн салыкты кайтарып берүүгө мүмкүндүк берген мамлекет тарабынан жеңилдик же колдоонун бир түрү.

Социалдык эсептен чыгаруу салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган адамдардын билими үчүн алынышы мүмкүн.

Социалдык эсептен чыгаруунун суммасы окуу үчүн төлөмдүн суммасына барабар, бирок билим берүү боюнча чегерүүлөрдү эсепке албаганда, салык төлөөчүнүн салык базасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Үч же андан көп баласы барлар үчүн чегерүү 25 пайыздан ашпайт.

Мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алуу ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө жумшалган, бирок жылына 230 миң сомдон ашпаган каражаттын өлчөмүндө алынышы мүмкүн.

Эсептен чыгарып алуулар салык төлөөчүгө салыктык каттоосу бар болгон жана ал салык декларациясын тапшырган учурда, жазуу түрүндөгү арыздын жана жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документтердин негизинде берилет.

Салык төлөөчү салык органына эсептен чыгарып алуу үчүн жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документ катары төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

1) Социалдык эсептен чыгарып алуу үчүн:

- арыз;

– акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;

- билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө квитанцияларынын көчүрмөсү;

– сиздин багууда болгон адамдын документтеринин көчүрмөсү;

– баланын стипендия албагандыгы тууралуу окуу жайдан маалымкат;

– декларанттын жана жубайынын/жолдошунун инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

– эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө иштеген жеринен маалымкат;

– үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

2) Мүлктүк эсептен чыгарып алуу үчүн:

– арыз;

– декларанттын паспортунун көчүрмөсү;

– алынган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортунун көчүрмөсү;

– ипотекалык кредиттин келишиминин көчүрмөсү;

– күрөө келишиминин көчүрмөсү;

– ипотекалык кредитти төлөө жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;

– ипотекалык кредит боюнча алынган, кайтарылган кредиттин жана алар боюнча төлөнгөн пайыздардын суммасы жөнүндө банктын маалымкаты;

– эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө иштеген жеринен маалымкат.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек.

Кененирээк маалыматты 116 номеринен, Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий