• 87
  • 90.41
  • 0.84

МСК: Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн мамлекеттик бюджетке чегерүү процесси жакшыртылды

Экономика 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы төлөнгөн салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн мамлекеттик бюджетке түшүү процессин жакшыртты.

Ведомстводон билдиришкендей, эми Салык төлөөчүнүн кабинети, онлайн-банкинг же төлөм терминалдары аркылуу төлөнгөн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү жарым сааттын ичинде өлкөнүн бюджетине чегерилет.

Бул жакшыртуу салык төлөөчүлөргө каалаган учурда жана каалаган түзүлүштөр аркылуу өз милдеттенмелерин ыкчам аткарууга мүмкүндүк берип, кечиктирүүнү жокко чыгарат. Ошондой эле төлөмдөрдүн аткарылышы жөнүндө өз убагында маалымат алууга мүмкүндүк берет.

Киргизилген өзгөртүүлөр салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий