• 87
  • 91.29
  • 0.84

МСК салык жол-жоболорун санариптештирүү жөнүндө айтып берди – сандар жана фактылар

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык жол-жоболорун санариптештирүү жөнүндө айтып берди.

белгилей кетсек, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салыктык башкаруу системасында бир катар ири долбоорлор ишке киргизилип, иштеп жатат.

Анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, "Жыйынды пост" системасы, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн, ишкердик субъекттердин дислокациясы, отчетту онлайн форматта берүү, электрондук рейддик салык контролу, "Салык төлөөчүнүн паспорту", Stat.salyk.kg салыктык башкаруу боюнча ачык маалыматтар порталы, КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы, чет өлкөлүк уюмдар тарабынан аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси ж.б.

Электрондук эсеп-фактура

2023-жылдын 11 айында ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1,4 трлн сомдон ашык суммада 16,1 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-июлунан – ЭЭФти киргизүү башталгандан тартып, ишкерлер тарабынан 4,9 трлн сомго 37,2 млн электрондук эсеп-фактура жазылды.

Бүгүнкү күндө ЭЭФ 88 миң 557 салык төлөөчү колдонуп, жыл башынан тартып 44 миңден ашуун субъектке көбөйдү.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан баштап электрондук эсеп-фактураларды КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр, ал эми 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФти киргизүүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйдү, ошондой эле системаны максималдуу эффект менен туура пайдалануу көмүскө экономиканын көлөмүнүн олуттуу кыскарышына жана өлкөнүн бюджетине түшүүлөрдүн кыйла өсүшүнө таасирин тийгизүүчү инструмент болуп калды.

Контролдук-кассалык машиналар

Жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда өлкөдө 71 миң 296 ККМ колдонулууда.

ККМдин реестри түзүлүп, ага ККМдин 33 модели кирди. Салык кызматы 25 техникалык тейлөө борбору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түздү.

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды сатып алуунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле, техникалык тейлөө борбору менен ККМге болгон рыноктук бааларды төмөндөтүү жана аларды бөлүп төлөө шарттарында берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ишкердик субъекттер үчүн ККМ алуунун максималдуу жеткиликтүү шарттарын жайылтуу жана берүү максатында бир катар банктар (Айыл Банк, РСК Банк, Керемет Банк, МБанк) POS-терминал функциясы камтылган гибриддик ККМди жайылтышууда.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз

Бүгүнкү күндө 100 миң 297 ишкер Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда.

Аларга "ЭТТК" системасы аркылуу 14,1 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатууга – 11,2 млн, эсептен чыгарууга – 978,9 миң, алып өтүүгө – 640,2 миң, кириштөөгө – 1,1 млн документ.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүүчү субъекттер колдонушат.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

ЭТТКнын шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдуулугу болуп саналат, бул ишкердик субъекттерге бир нече мүнөттүн ичинде контрагенттер менен товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет, ал эми мурда кагаз документтерди жөнөтүү күндөрдү, ал тургай жумаларды талап кылган.

"Жыйынды пост" системасынын иштөөсүнүн аркасында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып келген импорттоочулар коштомо кагаздарды кайда тургандыгына карабастан онлайн форматта тариздешет, ошондой эле Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу товарды ташып келүүгө салык органынан маалымкат ала алышат.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттарына ташып келинген товарга 206 миң 775 коштомо кагазды тариздеп беришкен.

Салык кызматы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодон тышкары салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Атап айтканда, өлкө боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча "Бирдиктүү терезе" тармагын кеңейтүүдө. Быйыл Ош шаарында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады.

Онлайн режиминде салык кызматын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Алсак, "Жеке салык кабинетин" 862 миң 550 салык төлөөчү пайдаланууда, 11 айда 255 миңге көбөйдү.

Мындан тышкары, 86 миң 240 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен отчет беришүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы декабрдын башында Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Ал "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" мобилдик версиясы болуп саналат.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

– салыктарды төлөөнү;

– электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;

– электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;

– карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;

– салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;

– салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;

– катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

Патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен онлайн алууга мүмкүн болгон "Э-патент" электрондук сервиси иштейт. Мында төлөөнү ар кандай электрондук капчыктардын, терминалдардын же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес жүргүзсө болот.

2023-жылдын башынан бери 2,1 млрд сомго 916 миң 604 электрондук патент жана 732,5 млн сомго 714 миң 937 полис берилген.

Учурда салык төлөөчүлөрдө MBank, BalanceKG, MegaPay жана Glovo мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент/полис алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий