• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

МСК: Тастыктоочу документтери жок алынып келген уюлдук телефондорду 15-августка чейин каттоо керек

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Тастыктоочу документтери жок алынып келген уюлдук телефондорду 15-августка чейин каттоо керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы токтому менен 2024-жылдын 25-июнуна чейин Кыргызстандын аймагына тастыктоочу документтери жок алынып келинген уюлдук түзүлүштөрдү мамлекеттик идентификациялоо системасында милдеттүү түрдө каттоо үчүн жаңы мөөнөттөр белгиленген.

Эми бул уюлдук телефондорду МИСте каттоо кызматы үчүн акы төлөө шартында 2024-жылдын 15-августуна чейин каттоого болот.

Каттоо үчүн төлөм түздөн-түз сатуучулар жана импорттоочулар тарабынан жүргүзүлөт.

МИСте катталбаган уюлдук телефондордун ээлери каттоо жүргүзүү үчүн аларды сатып алган жерге кайрылышы керек.

Толук маалыматты imei.kg сайтынан же төмөнкү номерлер аркылуу алууга болот: (0505)53-30-00, (0997)55-00-55, (0223)55-00-55.

Пикир

Оставить комментарий