• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

МСК өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу боюнча онлайн-сервисти ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы cabinet.salyk.kg.сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинетинде" "Өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы" боюнча жаңы онлайн-сервисти ишке киргизди.

Ведомстводон маалымдашкандай, өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы салыктардын, салыктык эмес кирешелердин, туумдардын, пайыздардын, салыктык санкциялардын мамлекеттик бюджетке чегерилген жана келип түшкөн суммалары, ошондой эле кайтаруулар жана чегерүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Эми салыштыруу актысын түзүү үчүн аймактык салык органдарына баруунун кереги жок. Документ салык органынын жана салык төлөөчүнүн маалыматтары боюнча белгилүү бир датага түзүлөт. Салыштыруу актысын жөнөткөндөн кийин Салык кызматынын инспектору маалыматтарды текшерип, маалыматтын тууралыгына жараша документке "Ырасталды" же "Четке кагылды" статусун ыйгарат.

Бул кызматтын жардамы менен салык төлөөчүлөр төмөнкүлөрдү ишке ашыра алышат:

- өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын түзүү жана аны Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүү;
- салыштыруу актысынын маалыматтарын жөнөтүү алдында өзгөртүү;
- иш жүргүзгөн райондор боюнча салыштыруу актысын түзүүгө;
- тандалган жылдын башынан баштап маалыматтар менен салыштыруу актысын түзүү үчүн каалаган датаны тандоо.

Бул модуль ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана салык төлөөчүлөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде жеке ишкерлер жана ири компаниялар үчүн салык милдеттенмелерин салыштыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык милдеттенмелерин жөнөкөйлөштүрүүгө жана натыйжалуу аткарууга жана салык органдары менен өз ара аракеттенүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий