Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди.

Муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү мекеме расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, Ракиев Кыргызстандын муфтийи болуп 2021-жылдын июнунда шайланган.

Пикир

Оставить комментарий