Муфтият авиакомпаниялар ортосунда сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. 2018-жылдагы ажылык иштери башталып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2018-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон Ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2018-жылдын 12-январынан, 12-февраль саат 17:00гө чейин сынак жарыялайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.

Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).

Байланыш тел: 0778900601

тел/факс: 0312 48 61 67

э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

Сынак өтө турган күн: 13-Февраль, 2018-ж. Саат 11:00

Жайы: Муфтияттын жыйындар залы.

Документтерди кабыл алуу: 2018-жылдын 12-январынан, 12-февралына 17:00гө чейин.

Жыйынтыкты жарыялоо күнү: 14.02. 2018-ж.

Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.

Пикир

Оставить комментарий