• 87
  • 90.41
  • 0.84

Муфтият медреседе бала сабалды деген окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 22.02.23./Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Ошто медреседе сабалган 12 жаштагы баланын окуясына байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Билдирүүдө муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат.

Маалыматка ылайык, бала сабалды делген Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Рауза атындагы медресе муфтияттын карамагында жок.

"Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт. Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош облусундагы Рауза атындагы медреседе 12 жаштагы бала сабалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө өспүрүмдүн денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган. Кылмыш ишинин жүрүшүндө күбөлөр суралган.

Ал эми Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А., жана 12 жаштагы Э.А.нин кыймыл-аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде каралган кылмыштын курамы бар экендиги такталган. Бирок окуя болгон учурда жогорудагы жаш балдардын жаш курагы 13 жашта экендиги, Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруудагы жаш балдардын курагы 14 жашка толбогондуктан аталган кылмыш иши Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен өндүрүштөн кыскартылган.

Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде кылмышка шектүүлөрдүн ата-энелерине айып пул салынган.

Пикир

Оставить комментарий