Муфтият Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду

Коом 0

Бишкек 16.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду.

Муфтияттан кабарлашкандай, бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, муфтийдин орун басары Самидин Атабаев жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир Маматовдор Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган элчилик кызматкерлерин зыярат кылып, зилзалада набыт болгон маркумдарга багыштап Куран окушту.

"Жолугушууда өлкөбүздө боордош Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандар үчүн жардам топтоо иштери кызуу жүрүп жатканы жана КМДБ дагы четте калбай, кырсык катталган күндөн тарта боордош түрк элине жардам көрсөтүү иштерин колго алганы айтылды. Имамдардын күжүрмөн аракети менен элден 16 млн 417 миң 294,25 сом акчалай жардамдар топтолуп, бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

  • Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты - 910 миң 200 сом
  • Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты - 1 млн 361 миң 400 сом
  • Ош облусунун мусулмандарынын казыяты - 5 млн 597 миң 029 сом
  • Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты - 2 млн 730 миң 446 сом
  • Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты - 1 млн 506 миң 883,25 сом
  • Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыяты - 24 миң 100 сом
  • Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты - 1 млн 453 миң 615 сом
  • Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыяты - 2 млн 617 миң 621 сом

Пикир

Оставить комментарий