• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Муфтияттын башкы бухгалтери үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Сот Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (Муфтият) башкы бухгалтери Ж.М.Бекиевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын чечими менен Бекиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Мындан мурда ал камакта кармалып турган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталган.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтотуусу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү КМДБнын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Пикир

Оставить комментарий