• 87
  • 90.64
  • 0.85

Муфтияттын демилгеси менен 60 диний кызматкер умрага жөнөп кетти

Коом 0

Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармагы тарабынан умрага жолдомо берилген 60 дин кызматкери "Манас" эл аралык аэропортунан Сауд Аравия Падышачылыгынын Жидда шаарына учуп кетти.

Муфтияттын тарыхында алгачкы жолу ондогон дин кызматкерин умрага жөнөтүү саамалыгына азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров өзү катышып, зыяратчыларга ак батасын берди.

"Берешен демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен 60 кызматкерибиз умрага аттануу алдында турасыздар. Алла Таала ак жол берип, сак-саламат барып келиңиздер. Жаштар улууларга кызмат кылып, ибадатты жакшы өтөңүздөр. Биздин атыбыздан пайгамбарга салам айта барыңыздар. Эли-журтубуз, өлкөбүз үчүн көп-көп дуба кылышыңыздарды өтүнөмүн", – деди муфтий зыяратчыларга ак жол каалап жатып.

Айта кетсек, муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен Муфтияттын түзүмүндөгү 60 расмий дин кызматкери бүгүн умрага аттанып жатат. Алардын катарында КМДБ кызматкерлери, казыят адистери, райондордун баш имам-хатибдери жана элет имамдары бар.

Пикир

Оставить комментарий