• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Муфтийликке 9 талапкер ат салышмай болду — тизме

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына тогуз талапкер ат салышат. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-июнда муфтийликке талапкерлер сынактан өткөрүлсө, 26-июнда шайлоо өтөт.

Муфтийликке талапкерлер:

1. Нурбек Токтогулов;

2. Султанали Гапуров;

3. Шүкүр Исмаилов;

4. Нематилла Жээнбеков;

5. Ниязали Арипов;

6. Убайдулла Сарыбаев;

7. Шакир Маматов;

8. Сайдамир Жейналиев;

9. Замир Ракиев.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тартып муфтийликке талапкерлердин арызы кабыл алына баштаган. Учурда Жоробай ажы Шергазыев муфтийдин милдетин убактылуу аткарып жатат.

Эске салсак, буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылдырылып, 29-майга белгиленген болчу. Бирок өлкөдөгү эпидабалга байланыштуу муфтият кайрадан сынак өткөрмөй болгон.

Пикир

Оставить комментарий