Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Үстүзбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга Мухаммад жана Раяна ысымдары эң көп коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эркек балдардын арасында эң көп кездешүүчү 10 ысымдын ичине Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирет. Ал эми кыздардын арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке деген ысымдар популярдуу.
“Кыргызстандыктардын кыздарына популярдуу ысымды тандоодо артыкчылыгы 2016-жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок. Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатат. 6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн эркек балдардын эң популярдуу ысымы Умар бул жылы бир орунга ылдый түштү. Мухаммед аттуу ысым биринчи орунга ээ болуп, 1449 ата-эне ымыркайларына Мухаммед деп ат коюшкан, бул Умардан (1418) 31ге көп”, - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий