• 87
  • 90.63
  • 0.79

Муниципалдык инспекция Аламүдүн базарын иретке келтире баштады

Коом 0


Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы Аламүдүн базарын иретке келтире баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев Аламүдүн базарынын директору менен биргеликте базардын аймагын кыдырып, анда бир катар тартип бузууларды аныктады.

Жыйынтыгында төмөнкү маселелерди чечүү тапшырылды:

  • өзгөчө кырдаалдар учурунда ӨКМдин атайын техникасынын эркин өтүшүн камсыз кылуу үчүн базар өтмөктөрүн стихиялуу соодадан бошотуу;
  • базардын көрүнүшүн бузган бак-дарактарга жана башка буюмдарга орнотулган эсептегичтерди жок кылуу;
  • жол тыгындарын болтурбоо жана транспорттун үзгүлтүксүз агымын камсыз кылуу максатында жеткирүүчүлөр тарабынан товар жеткирүүнүн башка жолдорун уюштуруу;
  • чарбакер субъекттерге сугат арыктарын таштандылардан тазалоо жана айлана-тегеректе тазалыкты сактоо;
  • жөө жүргүнчүлөр үчүн шарт түзүү үчүн тротуарлардан тышкы жарнактарды жана анда турган соода-сатыкты жоюу.

Белгиленгендей, Аламүдүн жана Орто-Сай базарларында муниципалдык инспекция күнү-түнү нөөмөттө турат. Рейддик иш-чаралар Бишкектеги бардык базар жана соода жайларында жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий