• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Муну менен токтобойбуз!" Балбан Жоламан Шаршенбеков дагы да жеңиштерди багындырууга даярданарын айтты

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Муну менен токтобойбуз! Мүмкүн мени алдыда чоң жеңиштер күтүп турат. Бул тууралуу Париждеги жайкы XXXIII Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси балбан Жоламан Шаршенбеков жеңиштен кийин алгачкы маегинде билдирди.

"Олимпиадага көптөн бери даярдандык. Биз мелдешке алтын утуу үчүн келгенбиз. Кудайдын буйругу ушу экен. Эми утулдум деп баарын таштап, үмүттү үзүп койгон туура эмес, алдыда мүмкүн мени чоң жеңиштер күтүп турат. Муну менен токтобойбуз", - деди спортчу.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде коло медаль үчүн беттеш өткөрүп, ирандык Мехди Мохсеннежадини 3:1 эсебинде жеңди.

Ага чейин 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини, чейрек финалда румыниялык Арнаут Разванды жеңген болчу.

Жарым финалда япониялык Кеничиро Фумитага менен болгон таймашта 4:3 эсебинде утулуп, үчүнчү орун үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Пикир

Оставить комментарий