Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда, Бишкекте башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.
«Президенттин командасы» курамы «Журналисттер», «Көзөмөл» жана «Аймактар» командаларын утуп алды.
Эске салсак, мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган президенттин командасынын курамында ойнойт.
Эртең, 15-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.
Пикир
Оставить комментарий