• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда

Саясат 0

Бишкек, 28.09.24./Кабар/. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын талаасында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Муратбек Азымбакиев Фиджи Республикасынын президенти Рату Вильям Мэйвалили менен жолугушту.

Андан кийин анын Бруней-Даруссалам Мамлекетинин тышкы иштер министри Эриван Юсуф, Индонезия Республикасынын тышкы иштер министри Ретно Марсуди жана Микронезия Федеративдик Штаттарынын тышкы иштер министринин орун басары Рики Кантеро менен жолугушуулары болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Муратбек Азымбакиев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга Кыргызстан талапкерлигин көрсөткөндүгү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле ал жолуккандарына Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоого Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч катын тапшырды.

Мындан тышкары, Муратбек Азымбакиев Өзбекстан БУУнун Цивилизациялар альянсы менен биргеликте уюштурган “Маданияттар аралык жана региондор аралык диалог аркылуу туруктуу өнүгүү үчүн бейпил жана инклюзивдик коомчулуктарды алдыга жылдыруу” темасындагы жогорку деңгээлдеги панелдик талкууга катышты.

Жогорку деңгээлдеги иш-чарага Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сиярто, Бириккен Араб Эмираттарынын маданият министри Шейх Салем Аль Кассими жана эл аралык уюмдардын жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.

Панелдик дискуссиянын катышуучулары тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маданияттар аралык жана региондор аралык диалогду бекемдөөнүн актуалдуулугун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий