• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Азымбакиев Уфада "Валдай" дискуссиялык клубунун Борбор Азия конференциясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Башкортостандын Уфа шаарында "Валдай" дискуссиялык клубунун Борбор Азия конференциясынын жыйынына катышты.

Белгиленгендей, иш-чара 13-14-майда болуп өттү.

Аталган конференциянын ачылышында Башкортостан Республикасынын башчысы Радий Хабиров, Россия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубун өнүктүрүү жана колдоо фондунун төрагасы Андрей Быстрицкий сөз сүйлөштү.

Биринчи сессияда "Россия жана Борбор Азия региондун жалпы системасында: эки тараптуу жана көп тараптуу аспекттер" деген темада сүйлөгөн сөзүндө Муратбек Азымбакиев Борбор Азия менен Россиянын жогорку саясий диалогу жана кызматташтыгы бул өлкөлөрдүн бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негизди камсыз кыларын баса белгиледи.

Ошондой эле КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы "Валдай" эл аралык талкуу аянтчасынын өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана эксперттик коомчулук менен пикир алмашуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк геосаясий жана геоэкономикалык кырдаалдын трансформациясын эске алуу менен эл аралык кызматташтыктын ар кандай аспектилери боюнча талкуулар болуп өттү, өз ара пайдалуу келечектүү долбоорлорду, анын ичинде энергетикалык, транспорттук-логистикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча идеялар жана сунуштар каралды, өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий