• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мурда издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кечээ Ысык-Көл облусунун аймагында мурда издөөдө жүргөн Н.Д. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен издөөдө жүргөн. Шектүү коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Белгилей кетсек, бул жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий