• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мурдагы мэр Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Кулматов УКМКнын СИЗОсунда 28-ноябрга чейин калат. Анын мөөнөтүнүн узартылышынын себеби ал шектелип жаткан келтирилген зыяндын өлчөмүнүн аныктала электиги болгон.

Эске салсак, 18-майда ага коррупция боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында TBEA кытайлык компаниясы тарабынан аймактарга 2 мектеп куруу үчүн берилген 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий