Мурдагы сот Жаркееванын иши: Сот күбө Арабаевди суракка алуу маселесин кароодо

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумда күбө Арабаев сурак берүүдө.

Ал күбө башка кылмыш иши боюнча шектелүүчү болуп саналат. Анын айтымында, учурда элге жарыя кылууга мүмкүн болбогон жагдайлар тууралуу айтылган процессуалдык келишим бар. Прокурор билдиргендей, мындан мурда Арабаевдин тергөө менен кызматташуусу тууралуу макулдашуу түзүлгөн. Анын айтымында, Арабаев купуя материалдарга байланыштуу суроолорго жооп бербей койсо болот.

Жактоочу тараптын пикири боюнча, макулдашуу түзүлгөн материалдар көрсөтүлгөндөн кийин суракты баштоо керек.

Сот каршылыктар болбошу үчүн башка иш боюнча материалдарды алдырууну чечти. Документтер алынгандан кийин Арабаевди суракка алуу маселеси ачыкталат.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий