• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Күбө катары Ош шаардык кеңештин депутаты көрсөтмө берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 22-ноябрь күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Ош шаардык кеңешинин депутаты көрсөтмө берүүдө.

“Мен Маманованы 2014-жылдан бери билем. 2012-жылы мага Кытай Эл Республикасынын (КЭР) жашоочусу кайрылып, инвестор келип геология министри менен жолугууну каалап жаткандыгын билдирди. Менден жолугушууну уюштурууну суранды. Мен жолугушуу тууралуу сүйлөшүп, ошол жактан Кытайдан келген ишкер менен таанышкам. Алар өздөрүнүн пландары тууралуу маалымат беришти. Ошол мезгилде мен кытай компаниясында жардамчы катары котормочу болуп иштеп жүргөм. 2012-жылы ошол ишкер кайра келип, нотариуска барып келишимге кол коюу керек экендигин айткан. Бул иш толугу менен 5-10 мүнөттү алды. Биз ал жерге келгенде бизди сырттан бир киши тосуп алды, ал эми ичинде да бир нече адам болгон, аларды мен тааныбайт элем. Ал БЛС компаниясын үлүшүн берүү тууралуу келишим эле”, - деди күбө.

Ал маалымдагандай, кийин ага ошол компаниянын үлүшү берилген.

“Мен билгенден, Даймонд ситинин курулуш иштери 2013-жылдын башында башталган. Кийин мен керектүү уруксат документтерин алууга жардам берип жүрдүм. Көп учурда мен котормочу болуп жүрдүм. Кийин мени ишкер чакырып, формалдуу түрдө компаниянын 81% үлүшүн мага жаздырышкан эле”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий