• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мурунку президенттин кеңешчиси Илмиянов 11-ноябрга чейин камакта калат

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент А.Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Айыпталуучуну жактоочулардын өкүлү Тынарбек Аскаров өзүнүн кардарынын баш коргоо чарасын камакка алуу менен байланышы жокко өзгөртүүнү суранган. Бирок, сот ал өтүнүчтү четке кагып, Илмияновду камак артында 11-ноябрга чейин калтырды.

Ал эми Рустам Шакиров боюнча сот анын саламаттыгы тууралуу тиешелүү кагаздар алынып келингенден кийин гана соттук өндүрүштү токтотуу боюнча маселени караарын билдирди.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн, президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий