Муса Жаманбаев "Борбордук Азия – Кытай" аналитикалык борборлорунун форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев "Борбордук Азия – Кытай" аналитикалык борборлорунун "Жалпы туруктуу өнүгүү жолунда өз ара пайдалуу кызматташтык" темасындагы IV форумуна катышты.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, иш-чараны Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөөлөр институту Кытайдын коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институту менен биргеликте уюштурган.

Элчи Жаманбаев Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдерде көмөк көрсөтүү боюнча жигердүү аракеттери жана "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин" алкагында тоо күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ошондой эле форумдун катышуучуларына Кыргызстандын тоолуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, элдин бакубаттуулугун жогорулатууга жана тоо экосистемаларын коргоого багытталган тоо демилгелеринин комплексин камтыган видеотасма көрсөтүлдү.

Элчи Жаманбаев Кыргызстандын "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттери" эл аралык долбоорун ишке ашырууга активдүү катышууга жана бул беш жылдык программанын алкагында Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди колдоого чакырды.

Иш-чарага Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, 20га жакын алдыңкы илимий-аналитикалык борборлордун 40тан ашуун жетекчилери жана эксперттери, ошондой эле Кытайдын жана Борбор Азия мамлекеттеринин Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий