• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Муса Жаманбаев Ташкентте КМШнын эл аралык конференциясына катышты

Коом 0

Ташкент, 30.09.2024. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Ташкентте КМШга мүчө мамлекеттердин аналитикалык борборлорунун "Узак мөөнөттүү кызматташуунун жаңы күн тартиби" темадагы эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу "Кабар" элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын максаты азыркы реалдуулук шарттарында КМШ мейкиндигинде практикалык өз ара кызматташтактык маселелерин талдоо, ошондой эле уюмду өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу жана сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Катышуучулар КМШнын алкагында кызматташууга тиешелүү олуттуу маселелер, тактап айтканда, өз ара экономикалык алакалардын келечеги, “жашыл” жана санарип экономикага өтүүнүн кѳйгѳйлѳрү талкууланды. Айрыкча ѳнөр жай кооперациясына, соода, транспорт, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттарга өзгөчө көңүл бурулду.

Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун жетекчилери жана белгилүү эксперттери, Ташкенттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз-Орус Славян университетинин Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институтунун директору Аман Салиев катышты.

Иш-чара Өзбекстанлын Тышкы иштер министрлиги, Тышкы саясатты изилдөө жана эл аралык демилгелер борбору, КМШнын Аткаруу комитети менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий