• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Муундар мурасы - сөз" аталыштагы китеп жарыкка чыкты

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кеңешкан Ысманованын "Муундар мурасы - сөз" аталыштагы китеби жарыкка чыкты.

Бул китепте сөз – эл, жер, Ата-Мекен жөнүндө болуп, кыргыз эли кылым кезген көчмөндүк жашоо турмушунда өзү жаратып, күндөлүк тиричилигинде кеңири пайдаланып, аны улам өркүндөтүп, муундан-муунга мурастап, сактап келген баа жеткис асыл кенчи – маданий жана руханий баалуулуктары жөнүндө айтылат.

Улуу сөз мурасы, сөз өнөрү жана сөз устаттары тууралуу баяндалып, элдик педагогиканын башаты болгон, мазмуну кенен, тарбиялык мааниси терең элдик акылмандыктардын, нуска, насыят, осуят сөздөрдүн жана макал-ылакаптардын жыйнагы берилди. Кыргыз элинин ак бата, каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлак, ыйман-ызаат өңдүү улуттук улуу касиет-дөөлөттөрү чагылдырылып, жаштарга тарбия-таалим бере турган залкар ойлор, учкул сөз түрмөктөрү дагы камтылды.

Пикир

Оставить комментарий