• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мыйзам бузган үчүн Кыргызстандан 2018-жылы 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 13.02.19 /Кабар/. Мыйзам бузган үчүн Кыргызстандан 2018-жылы 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште бир катар улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, азыркы учурда чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбосо, өлкөнүн чегинен тышкары чыгарып жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү ченем колдонуудагы "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамда камтылбай калган.

Мыйзам долбоору аркылуу өкмөттүн чечими менен соттолгондорду Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар менен мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо сунушталууда.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Сунуш кылынып жаткан мыйзам ишке кирсе, мамлекеттик бюджеттен кошумча 400 миӊ сом талап кылына турганы, азыркы учурда Кыргызстандын жазык-аткаруу жайларында 360 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. 2018-жылы өлкө чегинен мыйзам талаптарын бузган 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар оор кылмыш эмес, жеӊил-желпи эле жосун жасаган чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салуу мөөнөтүн азайтуу, чет өлкөлүк эмгек мигранттарына салынган төлөмдү көтөрүү, жаза-аткаруу мекемелеринде жаткан чет өлкөлүк жарандарды бекер багып отурбай, алардан тезинен кутулуунун кандайдыр бир жолун табуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий